www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусия лидери Владимир Путин КМШнын бейформал саммитинде "Спутник V" "омикрон" жаңы штаммынан коргой турганын изилдөөлөр көрсөткөнүн билдирди.

Коронавируска каршы күрөшүү отурумдагы башкы темалардын бири болду.

"Мен Гамалея атындагы институттун жетекчиси менен сүйлөштүм. Алардын изилдөөлөрүнөн кийин "Спутник V" "омикрон" жаңы штаммынан коргой турганы анык болгонун, кандай деңгээлде жок кылат деген суроого бир гана клиника так жооп бере аларын айтты. Бирок жок кыла турган деңгээли жогору", — деген Путин.

Кийинчерээк Орусия лидери "Спутник V" вакцинасы коргонуунун 90 пайыздай кепилдиги экенин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости