www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сасык тумоо өлүмгө чейин алып барат

Саламаттыкты сактоо министрлиги сасык тумоо кооптуу инфекциялык оорулардын катарында экенин жана анын кесепети кейиштүү болорун эскертти.

Министрлик грипп чоң-кичинеге карабай жугарын жана вирус мурун аркылуу кирип организмди жабырката турганын түшүндүрдү.

"Көбү сасык тумоо менен бир нече күн ооруп айыгат. Арасында аны оор көтөргөндөр да бар. Илдет өтүшүп, өлүм учурларына чейин алып барат", — деп жазылган маалыматта.

Грипптен сактануунун жолдору:

эпидемиялык сезонго чейин сасык тумоого каршы эмдөөдөн өткүлө;

эл көп чогулган жерлерге барбай туруңуз;

бет кап тагыныңыздар;

ооруп жаткан адамдардан оолак болуңуз;

колду самын менен жакшылап жууңуз;

бөлмө, кеңселерди желдетип туруңуз;

бөлмөдөгү аба кургак эмес, нымдуу болуп турушу керек;

дарыгер менен кеңешип иммунитетти көтөргөн препараттар менен каражаттарды колдонуңуз.

Ошондой эле адистер оорунун белгилери байкалганда ооруканага кайрылууга кеңеш беришет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости