www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Орусия президенти Владимир Путин жарым-жартылай мобилизациянын алкагында студенттерди аскерге чакыруу мөөнөтүн узартуу боюнча жарлыкка кол койду. Документ Кремлдин сайтына жарыяланды.
"Мобилизация боюнча аскердик кызматка чакыруу мөөнөтүн узартуу орто жана жогорку окуу жайларда салттуу окуудан сырткаркы формада билим алып жаткан студенттерге да тиешелүү", — деп жазылган жарлыкта.
Владимир Путин 21-сентябрь күнү жарым-жартылай мобилизация тууралуу жарлык чыгарган. Орусиянын коргоо министри Сергей Шойгу бул чек ара линияларынын кол тийбестигин көзөмөлдөө жана Украинадагы бошотулган аймактарды коргоо үчүн керектигин айткан.
Кийинчерээк Башкы штаб мобилизацияга кимдер тартылары тууралуу маалымат берген.
Жалпы жонунан резервдеги 300 миң жаран чакырылат, бул Орусиянын мобилизациялык ресурсунун бир пайызын түзөт.
Булак: NazarNews.kg