www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын Костанай облусунда Орусиядагы мобилизациядан качып кеткен үч жаран кармалганын Казакстандын Улуттук коопсуздук комитетинин (УКМК) чек ара кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

«25-сентябрда Чек ара башкармалыгынын Костанай облусундагы тилкесинде Тобыл департаментинин чек ара отряды чек араны бузуп, учурдагы өткөрүү пунктун айланып өтүп кеткен Россия Федерациясынын үч жаранын кармашкан. Тартип бузгандар өз аракеттерин Орусиянын аймагында жүргүзүлүп жаткан жарым-жартылай мобилизациядан качуу ниети менен түшүндүрүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Чек ара кызматынан билдиришкендей, кармалгандарга карата мындан аркы суракка алуу иш-чаралары жүргүзүлүп, жыйынтыгында бул адамдар Орусия тарапка өткөрүлөт.

«Казакстандын чек ара коопсуздугун ишенимдүү камсыз кылуу максатында чек ара бөлүктөрү жана өткөрүү пункттары күчөтүлгөн режимде иштеп жатат», - деп кошумчалады УКМКнын басма сөз кызматы.

Эске салсак, Орусиянын президенти Владимир Путин 21-сентябрда жарым-жартылай мобилизация жарыялады. Ал биринчи кезекте Куралдуу күчтөрдүн катарында кызмат өтөгөн, белгилүү аскердик адистиктерге жана тиешелүү тажрыйбасы барлар аскерге чакырылат деп жүйө келтирди. Коргоо министри Сергей Шойгу 300 миң резервист мобилизацияланаарын айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости