www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев менен Орусиянын президенти Владимир Путин телефон аркылуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу мамлекет башчылардын маалымат кызматтары билдирди.

Маалыматка ылайык, өлкө башчылар эки тараптуу кызматташуудагы жана Евразия экономикалык биримдигинин алкагындагы эки мамлекеттин ортосундагы өз ара аракеттешүүнүн айрым маанилүү маселелерин талкуулашкан.

Ошондой эле, сүйлөшүүнүн аягында Орусиянын президенти казак кесиптешин 24-июнда Москвада өтүүчү Экинчи Дүйнөлүк согуштун жеңишинин 75 жылдыгына арналган аскердик парадга катышууга чакырган.

Ал эми Казакстандын президенти кесиптешинин чакыруусун кабыл алган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости