www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

NazarNews маалымат агенттиги “Тилектештик” партиясынын төрагасы Төлөгөн Келдибаевди кепке тартып, айрым суроолорго жооп алдык.

--Төлөгөн мырза, өлкөнүн бүт саясий элитасы менен бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн реалдуу кадамы, туура эле бара жатабы?

--2010-жылы жаңы Конституцияны кабыл алуу боюнча өткөн референдумда Кыргызстандын эли чыныгы бурулуш жана накта демократияга ыктаган тандоо жасап, жаңы Өкмөт ошол жаңыланууга багытталган таза үмүт менен багыт алгандай болгон. Ошентип, парламентке келген саясий партияларда коомдун тагдырын өзгөртүп, өнүгүүнүн жаңы максаттарын аныктап, алдыга кое турган тарыхый мүмкүнчүлүк пайда болгон эле. Коом турмушун кескин өзгөртүшү керек болгон реформаларды, Президент, Өкмөт саясий башкаруунун жаңы маданиятын, чиновниктердин жүрүш-турушунун жаңы стандарттарын, жогорку саясий жетекчиликтен мамлекеттик аппараттын катардагы кызматкерлерине чейин мамилелердин жаңы стилин калыптандыруу булардын милдети болчу. Кооз сөздөр менен эмес, коомго өлкөнүн бүт саясий элитасы менен бийлик органдарынын өкүлдөрүнүн реалдуу кадамы, иш жүзүндөгү өрнөгү зарыл болуп турган. Калк катмары өлкөдө жакшы жагына бурулуш болоруна ишениши үчүн Президент, Өкмөттүн башында турган адамдар өздөрүнүн жекече үлгүсүнүн күчү менен үмүт отун тутантышы керек болчу. Көпчүлүк эл мына ушундай принципиалдуу түрдөгү жаңыча жүрүш-туруш, жоопкерчиликтүү жана кыраакы кадамдарды күткөн. Тилекке каршы андай болгон жок. Элдин кызыкчылыгы менен, элдин санаасы, элдин көйгөйү менен гана жашаган бийлик элдин колдоосуна ээ болоорун турмуш чындыгы көрсөттү. Азыркы жетекчилерге бир топ сындар чогулуп жатат, даяр ашка келгендерге караганда, биз, 2005-жылы да, 2010-жылы да башыбызды канжыгага байлап, режимдерге ачыктан-ачык тайманбай күрөшүп келдик. Менин эле эмес элдин да үмүтү азайды.   

--Соттордун кадыр-баркы жана судьяларга карата коомдун ишеними төмөндөп кеткен жокпу?

--Бүгүнкү күндө укук коргоо жана укук колдонуу системасынын абалы коррупцияга каршы турууга жөндөмсүз экендигин айгинелейт, анткени өзүлөрү дагы эле болсо коррупциянын субектиси болуп саналат. Оң жагына өзгөрүүлөр жайбаракат жүрүүдө. Укук коргоо системасын, анын ичинде прокуратура органдарын жана милицияны түп-тамырынан реформалоо. Укук коргоо органдарынын ишиндеги коррупция көрүнүштөрүн азайтуу (толук жоюуга чейин), таза жана ак ниеттүү кызматкерлерди колдоо жана кызматтык жактан илгерилетүү боюнча чаралардын комплексин кабыл алуу жагы боло элек. Соттордун статусун бекемдөө үчүн көрүлгөн чараларга карабастан сот адилеттигин жүргүзүүнүн сапаты жана маданияты жакшырган жок. Соттордун кадыр-баркы жана судьяларга карата коомдун ишеними төмөндөп кетти. Бизде көп мыйзамдар коррупциялык иштерге бөгөт коё албайт. Бирок президент айткандай кээ бир коррупционерлер ээлеген кызматына карабай жазаланышы мүмкүн. 

--Аталган стратегияны ишке ашырабыз деген жакшы ниеттер, аракеттер кагаз жүзүндө калып калбайбы? 

--Кыргызстан эгемендүү болгондон бери бийлик башындагылар элибиздин турмушун оңдодубу, жашоо шартын жакшырттыбы, маданиятын өркүндөттүбү же болбосо өлкөбүз өнүгүп, мамлекетибиз күч-кубатка толдубу? Тескерисинче, элибиздин байлыгы таланып тонолуп, эл бай-кедейге бөлүнүп, жакырчылыктын сазына батып, жумушсуздуктун кесепетинен тентип, бөлөк элдерге аргасыздан малай болуп, эгерим тарыхында көрбөгөн сойкулук, кылмыштуулук, паракорлук жөө тумандай калың калкыбызды каптап, мекенибиз кемип, улутубуздун улуулугу унутулуп, намыс өчүп, мансаптуулар, бийлик өкүлдөрү элине кызмат кылуунун ордуна элдин эсебинен жыргап, жоон тобу-чардап, тайраңдап элге эмес бийликке келген партияга кызмат кылып жүгүргөн шумпайлар, мамлекетибизди бүгүнкү оор абалдан алып чыгууга салым кошмок түгүл ого бетер начарлашына салым кошушту. Буга чейин канчалаган стратегиялар алтын сөздөр менен жазылды, баары иш жүзүнө ашпай архивде чаң басып жатат. Бул стратегия да иштеп кетишине ишеним аз.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости