www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Темирлан Султанбеков, КСДПчы:

КСДПнын мүчөлөрү Рыскелди Момбеков, Ирина Карамушкина, Адил Турдукулов, Мирбек Айтикеев, Мээрбек Мискенбаев партиядан чыкканын жарыялап, партиянын жетекчиси Асель Кодуранова жетекчиликти партиянын мүчөсү Анвар Артыковго өткөрүп бергени маалым болгон.

Маалыматтар боюнча, мындай чечим партиянын жетекчилигинин бир бөлүгү Кой-Таштагы окуялар боюнча соттук териштирүүгө катышкандыгына байланыштуу кабыл алынган.

КСДПнын төрагасынын орун басарлыгы милдетин аткарган Рыскелди Момбеков жана Кундуз Жолдубаева да токтоткон. Бирок КСДПнын мүчөсү бойдон калышты.

Төраганын дагы бир орун басары Ирина Карамушкина партиянын саясий кеңешинен дагы жана партиядан да чыкты. Ал эми Назгүл Мамытова дагы саясий кеңештеги мүчөлүгүн токтоткону менен партиянын мүчөсү бойдон калат.

Ошондой эле, партиянын дагы бир мүчөсү Адил Турдукулов аталган партияда күздөн тарта эле ырк кеткенин айтып бул партиядан чыгууга мажбур болгонун айтат. Ал мындай карама-каршылык менен партияны алдыга сүрөп кетүү кыйын болоорун  билдирген.

КСДПнын мүчөсү Темирлан Султанбеков Адил Турдукулов маалымат каражаттарына калп маалыматтарды айтып жатканын социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

 “Саясий өлүк социал-демократтар эмес, Турдукулов саясий өлүк”, – деп жазган Султанбеков.

Адиль Турдукулов отказывается участвовать в дебатах со мной в эфире у Лейлы Саралаевой, он нагло врет во всех СМИ и старается похоронить СДПК, но политический труп не социал-демократы, а Адиль Турдукулов.

Опубликовано Темирланом Султанбековым Вторник, 26 мая 2020 г.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости