www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фейсбук социалдык тармагынын колдонуучусу Нуриет Абдулазиз өзүнүн баракчасынан “байлар жана кедейлер” деген темада билдирүү жазып чыкты.
Анын билдирүүсү төмнөдө өзгөртүүсүз берилет:
“Титаник” тасмасын көрбөгөн адам жокко эсе болсо керек. Ар бир эле көркөм тасма сценарийдин негизги бөлүгүн тарыхий окуядан алган менен, сценарист менен режиссердун көз карашы аркылуу көркөмдөлөт, кээ бир окуялар жадагалса бурмаланат. Джеймс Кэмерон да “Титаникти” тартып жатып, бир топ тарыхий жагдайларды бурмалаган экен .
Белгилүү жазуучу Фарид Закария “Эркиндиктин келечеги” аттуу китебинде дал ушул маселеге окурмандын көңүлүн бурат. Тасмада кеме айсбергти сүзүп чөгө баштаганда биринчи класстагы бай пассажирлер саналуу гана болгон куткаруучу кайыктарга отуруп калганга жан талашып, кээ бирлери деңизчилерге акча берип болсо да отуруп алышат. “Чынчыл” деңизчилер ал акчаны албастан, айланасынан куу шүмшүктөрдү айдап, аялдар менен жаш балдарды кайыкка жайгаштырат. Бул эми тасмадагы сюжет.
Ал эми чыныгы ал трагедиянын күбөлөрүнүн эскерүүлөрүнө ылайык окуя такыр башка нукта орун алган. Чөнтөктүүлөрдүн баары джентелмендик кылып, аялдар менен жаш балдарга орун берген. Бул чындыкты чыркыраган статистика эле айтып турат. Биринчи класста жайгашкан 144 аял жана жаш балдардын баары куткарылган( күйөөм менен кошо өлөм деген беш аялдан башкасы), ал эми эркектердин бири да соо калган эмес. Экинчи класста да тирилиги ортозаар болгон, ар кайсыл кесиптин ээлери саякаттаган. Бул катмардын аялдарынын 80 % куткарылган, ал эми эркектеринин 90% кайыктагы орундарын жаш балдар менен аялдарга берип, өздөрү чөгүп өлгөн. Эң кедей катмардагы үчүнчү класстын жүргүнчүлөрү арасында куткарылган бир да аял жана жаш бала жок. Жалаң эркектер аман калган. Ошол түнү “Титаник” менен кошо өз доорунун эң байлары, же башкача айтканда өз учурундагы “Форбс-400” кирген адамдар Атлантиканын суусунда чөгүп өлгөн.
Көпчүлүктүн пикири боюнча ошол доордо Американын эң бай адамы болгон Джон Джейкоб Астор да кайыктардын биринен орун алуудан баш тартып, аялын отургузган соң кол булгалап кеменин үстүндө кала берген. Бенджамин Гугенхайм аттуу бай адам да кайыкка отуруудан баш тартып, чоочун эле бир аялга орун берет. Болгону өмүрлүк жарына аманат катары бул сөзүн жеткизип баруусун өтүнөт: “ Өмүрүнүн аягына чейин эркек сымал жашады деп айта барыңыз”. Бир да бай коркоктук кылбастан, өлүмгө тике караган абалда жалаң гана аялдар менен жаш балдарды куткарууга аракет кылышкан. Алардын баары жазылбаган бир абийир мыйзамын, инсандык эрежесин бекем карманган эле.
Ал эми кинематографисттер байлардын баарын мокочо кылып, кедей бир жигитти каарман кылышкан. Голливуд да эчак эле капиталисттик системанын бир куралына айланганы көпчүлүккө маалым. Кээ бир адамдар түшүнбөй калышы мүмкүн, эмнеге капиталисттик түзүмдүн башында турган байлар кайра эле өзүнө окшогон байларды элге жек көрсөтсүн деп. Маселе байлар жөнүндө жана бай болгон адамдын психологиясын өздөрү каалаган нукта калыптандыруу.
Биздин деле совет тасмаларында кыргыздын мурунку байларынын баары курсактуу, элдин терисин тетири сыйрып акысын жеген, сөзсүз 15-16 жаштагы токолдуу болгон бир шумпай катары чагылдырышкан. Жанында жалаң гана “астапурулла, алхамдуллила” деп сүйлөнгөн, башына казандай селде кийген жана үч тал сакалы бар бир квази-молдо орун алган. Байлардын баары желмогуздай көрсөтүлүп, алардын урук-тукуму куугунтукталган. “Чалкан” жана “Кирпи” сымал дубал гезиттеринде окуучулар байларды карикатурада чагылдыруу боюнча жарышкан. Совет бийлигине пахта койгонун билбеген акындар байларды мактап ырдаган кесиптештеринин баарына Арзымат атын ыраа көргөн. Ошентип асыл тукум, парасаттуу, берешен, ак сөөк, түштүктө “заады көргөн” деген сапаттарга татыктуу байлардын баары кулакка тартылып, басмачы аталып жок болгон. Аман калганы болсо Ооганстан менен Кашкарга качып жанын сактап калган. Томаяк кедейлер бийликке келип, кул мүнөзчө кеңешчилерге келиндей жүгүнүп оокатын кылып келген. Болбосо ошол бай тигип берген боз үйдө жашап, байдын малын кайтарып, курсагынын камын да ойлогон эмес эле учурунда.
Кыргыздын байы классикалык совет тарых китептериндеги римдик кул ээлөөчү, орус помещиги жана орто кылым феодалынын катарына коюлган. Болбосо байлар өз урууларынын башчысы, камкорчусу болуп келген. Уруу аксакалдары тарабынан ар бир кадамы тескелип, курултайда сындалып турган. Кантип эле бир бай өз уруусунан чыккандарды эзип, күн көргөзбөй турсун. Албетте, беш кол тең эмес дегендей, арасында ичи тар, куйту, карөзгөй, сасыган байлар да жок эмес эле.
Бирок маселе ошол совет доорунда жана учурда Голливуд тасмалары аркылуу мыкты байдын эмес, жегич, суук, кумарпоз жана өзүмчүл байдын образын адамдардын акылында жайгаштыруу, байларды жек көрсөтүү болуп жатпайбы. Ошону көрүп өскөн балдар келечекте чөнтөгү кампайып калганда басканы, сүйлөгөнү, мамилеси өзгөрүп жатканына таң калбаш керек. Анткени акыл-эсине тасмадагы байдын образы отуруп калган. Кедейликти бир эталон катары кабыл алуу совет доорундагы кызматкерлердин резюмесинен эле байкалып турат: “Кедей үй бүлөөдөн чыккан...”
30 жылдан бери оңолбой койдук деп кейиген жайыбыз бар. Дал ошол совет доорунда байдын баарын кырып, бийликке келген жана бир гана капчыгы эмес, жан дүйнөсү да жарды болгон кедейлердин балдары учурда бийликтин бутактарында отурбайбы. Кулдун баласы джип минип, курсак салып, костюм кийгени менен дагы деле кулча ойлонот, тойбойт. Тойсо да, өлгөнчө карганып, уялбай бетин табактай кылып отура берет. Көөдөнү ток, заады көргөн, палаги тазалар келмейин азыркы аткаминерлер дагы 30 жылда да тойбойт.
Кыргыздар гана эмес, бүткүл адамзат байдын жаңы образын жаратуусу зарыл. Азыркылардын 99% бай эмес, болгону акчалуу. Бай болуш үчүн жоомарттык, берешендик, адамгерчилик деген сапаттар керек. Чыныгы бай элдин камын өз камынан өйдө коет. Байдын баары жаман эмес, болгону биз чыныгы байларга акыркы 100 жылда өксүдүк.
Көңүлү ток болбогон соң, аска-зоонун баарын алтын кылып берсең да тойбойт. Эгемендик алгандан бери менчиктештирүүгө башын тыгып, өлкөбүздө ири соода түйүндөрүн курган жана жогорку кызматтарда иштеген бир акчалуу кишиге жаш ишкерлер жардам сурап барса: “Мага тийбей тургулачы 5-10 жыл, бутума араң туруп жатам” деген экен. Ушунча акчасы менен эми бутуна туруп жатса, анда биз жөрмөлөп жүрөбүз го сыягы.
Бирок чыныгы байларга да уучубуз куру эмес. Жашыргандан эмне, адалдан тапкан байлыгынан зекет, садака берген азаматтар да көбөйүп жатат. Жараткандын алдында канча бергениң эмес, болгон байлыгыңдын канча бөлүгүн бергениң маанилүү экен. Банк эсебинде миллиард туруп, жүз миң берген менен чөнтөгүндөгү акыркы 20 сомунун 10 сомун берген бир эмес.
Кудай Таалам баарыбызга бешене тер менен иштеп, адалдан байып, жакшылыкка жана элдин бакубат жашоосуна жумшоону насип этсин! Тарыхтагы Карун бай сымал болуп, элге шерменде болуудан сактасын! Байларыбызга ынсап берсин! Жараткан Аллахым, чөнтөктүн эмес, жан-дүйнөнүн кедейлигинен, түркөйлүктөн Өзүң сактай көр!”,-деп билдирүү жазып чыкты.
Булак: NazarNews.kg