www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиянын президенти Владимир Путин ЖККУнун уставына «контролдоочу мамлекет» деген түшүнүктү киргизүүнү сунуштады.

ЖККУнун тынчтык орнотуу ишмердүүлүгү боюнча келишимге тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизүү пландалууда.

Түзөтүүлөргө ылайык, бул мамлекеттин эгидасы астында БУУнун алкагында операцияларга катышуу үчүн күчтөр түзүлүшү мүмкүн.

Мамлекеттик Думага 2007-жылдын 6-октябрындагы Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) тынчтыкты сактоо ишмердүүлүгү жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү киргизүү, протоколду ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоору сунушталды.

Долбоордо «координациялоочу мамлекет» БУУнун тынчтыкты сактоо операцияларында жамааттык тынчтыкты сактоочу күчтөрдү колдонууну уюштуруу жана ар тараптуу колдоо маселелерин чечүү үчүн ЖКК (Жамааттык коопсуздук кеңеши) тарабынан аныкталган мүчө-мамлекеттердин бири экени айтылат. Ар бир мүчө-мамлекет БУУнун мандаты боюнча тынчтыкты орнотуу операцияларына катышуу үчүн БУУнун тынчтыкты сактоого даярдык системасында катталган өзүнүн тынчтыкты сактоо контингенттерин анын катышуусу жөнүндө МСКга маалымдоо менен жөнөтүүгө укуктуу.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости