www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чувашия Республикасынын мурдагы башчысы Михаил Игнатьев өпкөсү сезгенип, Санкт-Петербургда ооруканада жатканын “Коммерсантъ” гезити ишенимдүү булактарына таянып жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, Игнатьев госпиталга май айынын башында келген жана азыр реанимация бөлүмүндө кан жүгүрткөн аппаратка туташтырылган.

Буга чейин Игнатьев аны кызматтан алганына байланыштуу президент Владимир Путинди сотко бергени белгилүү болгон. Россиянын Жогорку соту Путиндин буйругун жокко чыгаруу боюнча арыз кабыл алынганын бышыктаган жана алгачкы сот жараяны 30-июнга белгиленген.

58 жаштагы Игнатьев Чувашиянын башчысы болуп 2010-жылы президент Дмитрий Медведевдин буйругу менен дайындалган. 2015-жылы жайында өз эрки менен кызматтан кеткен жана күзүндө шайлоодо 65% ашуун добуш алып кайра шайланган. Оппозиция добуш берүүдө бир катар мыйзам бузуу болгонун айтып чыккан.

Путин ушул жылдын башында Игнатьевди “ишенимден кетти” деген негизде кызматтан алган. Анын алдында Игнатьевдин аты аталган чуулуу окуялар катталган. Ал Чебоксарыда басма сөз күнүнө арналган жыйында бийликти сындаган журналисттер менен блогерлердин “таш-талканын чыгарууга” үндөгөн. Андан кийин Чукул кырдаалдар министрлигинин аймактык бөлүмүнүн кызматкерлерине жаңы автоунаалардын ачкычын тапшыруу аземинде аларды ит сымал секирткени кызуу талкуу жараткан.

Бул окуялардан кийин Игнатьев “Бирдиктүү Орусия” партиясынын катарынан чыгарылган. Бийлик партиясы ушул айда Мамлекеттик Думага жарандарды келекелеген аткаминерлерди жоопко тартуу жобосу камтылган мыйзам долбоорун киргизген.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости