www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркмөнстандын Мары облусунун Байрамали шаарындагы мамлекеттик дүкөндөрдө ун менен нан тартыш болууда. Бул тууралуу Борбордук Азия жаңылыктары жазып чыкты.

«Азыр аймакта жергиликтүү ун сатылбай калды. Чет өлкөдөн келген ундун бир килограммы 12 манат турат. Алыскы айылдардын тургундары акыркы жолу унду мамлекеттик баада март айында алганын билдиришүүдө», — деп жазылат маалыматта.

Түркмөнстанда арзан ун ар бир тургунга айына беш гана килограммдан сатылат. Анын бир килограммы 1 манат турат (расмий курска ылайык, 1 доллар 3,5 манатка барабар).

Түркмөнстандагы коммерциялык дүкөндөрдө нан, ун жана өсүмдүк майы мамлекеттик дүкөндөргө караганда кыйла кымбат сатылат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости