www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

28-майга карата дүйнө жүзү боюнча коронавирус илдетин жуктургандардын саны 5 миллион 690 миң 182ге жетти. Анын арасынан 2 миллион 349 миң 598 бейтап сакайып, 355 миң 575 адам көз жумду. Бул тууралуу маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды.

Биринчи орунда турган АКШда 1 миллион 699 миң 73 адамдан аныкталды. Андан 391 миң 508 бейтап айыгып, 100 миң 396 адам оорудан каза болду.

Коронавирусту жуктургандардын санынын көптүгү боюнча экинчи орунга чыккан Бразилияда 411 миң 821 адам илдетти жуктурган. Оорудан 166 миң 647 адам айыкса, каза болгондордун саны 25 миң 598ге жетти.

Россияда 370 миң 680 адам коронавирус илдети менен катталган. Анын арасынан 142 миң 208 бейтап сакайып, 3 миң 968 адам дүйнө салды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости