www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өнөр жай жана технология министри Мустафа Варанк, жергиликтүү реанимациялык дем алдыруучу аппараттардан ушул учурга чейин миңден ашыгы экспорттолгонун айтты. Бул тууралуу түрк басылмалары жазып чыкты.

Варанк видеоконференция ыкмасы менен өткөрүлгөн Кайсери өнөр жай палатасынын Кеңешүү жана баа берүү жыйынына катышты.

Министр Варанк бул жерде сүйлөгөн сөзүндө, дүйнөнүн жаңы типтеги коронавирус менен күрөшүп жатканын эске салып, Түркиянын бул мезгилдеги ийгиликтерине токтолду.

Өлкөлөрдүн артынан кууган реанимациялык дем алдыруучу аппараттардын эми Түркияда рекорддук деңгээлде өндүрүлгөндүгүн билдирген Варанк: «1000ден ашуун дем алдыруучу аппаратыбызды экспорттодук. Бүгүнкү күндө Түркиянын Илимий-Технологиялык Изилдөө Кеңеши (TUBITAK) жетекчилиги астында биз вакцина жана дары-дармектерди өндүрүү жаатында алдыңкылык көрсөтүүдөбүз. Диагностикалык тест жана диагноз коюу системаларында өлкөнүн атын дүйнөгө таанымал кыла турчу инновациялык долбоорлор уланууда»,-деди ал.  

Булак: NazarNews.kg

Последние новости