www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавируска чалдыгып калды делген Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров дени сак экенин билдирди. Бул тууралуу ал россиялык журналист Ахмед Дудаевдин Инстаграм баракчасындагы түз эфир аркылуу кабарлаган.

"Эгер мен оорусам дагы, дүйнө жүзүндө миллиондогон адамдар коронавирус менен ооруп жатат. Анын ичинен 10 миңдегени каза болду. Мен эмне адам эмесминби? Ооруганга акым жокпу? Тамчылатма дары алып, иммунитетимди көтөргөнгө укугум жокпу? Мен толугу менен дени сак адаммын", - деген Кадыров.

Ошондой эле ал пандемия башталгандан тартып Грозныйда байма-бай текшерүүдөн өтүп тураарын кошумчалаган. Ал эми Орозо айт майрамын ал үйүндө изоляцияда белгилегенин айткан.

Эске салсак, 21-май күнү Рамзан Кадыровдун коронавируска шектелип, Россиянын борбор калаасына ооруканага алынып келгени айтылган. Кийинчерээк аталган өлкөнүн парламентинин спикери Магомед Даудов президенттин ооруп жаткандыгы тууралуу  кабарларды чындыкка дал келбестигин айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости