www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россия кыргыз-тажик чек арасы боюнча эки тараптуу сүйлөшүүгө ортомчу болууга даяр. Бул тууралуу Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун (ЖККУ) тышкы иштер министрлеринин онлайн жыйынынан кийинки пресс-конференцияда билдирди.

«Тажикстан менен Кыргызстан ортосунда чек арадагы курч кырдаал биринчи жолу болгон жок. Биз союздаштарыбызды диалог жүргүзүүгө, күч колдонуудан алыс болууга чакырабыз. Өзүбүздүн ортомчулук кызматыбызды сунуш кылууга даярбыз. Кырдаал канчалык тез тынчыса, ошончолук жакшы болот», - деди ал.

Ал эми Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Россиянын башкы дипломатынын билдирүүсүнө комментарий бере элек.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости