www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президент Жээнбеков Москвада өткөн аскердик парадка катышпай келгени үчүн ар ким саясий боёк берүүгө аракет кылып жатат. Окуяны экс-президент Алмазбек Атамбаевдин айланасына алып барып байлаганга аракет кылгандар бар экен. Эми өзүӊөр ойлонуп көргүлө, Атамбаев кечээги күн. Анын бүгүнкү күнгө, келечеке эч кандай тиешеси жок. Атамбаев - Путин мамилесин президент кезинде, андан кийин да кандай болду анын баарын биз көргөнбүз. Акыркы жолу Атамбаевдин Россияга жасаган эки жолку сапарынан майнап чыкпагандыгынын, Путинге жолуга албай артка кайткандыгынын өзү Атамбаев маселесинде Кремлдин так позициясы бар экени ачыкталган. Бул бир. Экинчи жагынан, Путин: “Атамбаев менин досум эле“ деп ЕАЭБдин стратегиялык саясатына доо кетирбейт. Бул Кремль жасай турчу иш эмес.

Ал эми Ржевдеги иш-чарага байланыштуу тараптардын эки ача пикирлери, бул тышкы саясат бөлүмдөрүнүн түшүнбөстүктөрү катары гана баалайм. Россия-Кыргызстан мамилесинде ажырымга алып бара турчу акыйнекти көргөнүм жок. Ага себеп деле жок өзү. Берки талкуу жараткан Россиянын Канттагы авиа базанын учуу тилкеси боюнча келишимди дептуттар 15 жылдык мөөнөткө ратификация кылып берген. Бул саясий боёкто азыр жабык тема.

Макала Медер Шерметалиевдин Фейсбук баракчасынан алынды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости