www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
NazarNews маалымат агенттиги ырчы, акын Сонунбүбү Кадырованы кепке тартып, Атамбаевдин камалышы боюнча пикир алыштык.
--Сонунбүбү эже, Батукаевди чыгарган деген айып менен Алмазбек Атамбаев 11 жыл эки айга камакка алынды. Бирок Кыргызстанда укуктук аң сезим өсө элек, сот адилеттүү болгон жок деген эксперттер чыга баштады. Бул боюнча не дейсиз?
--Батукаевдин кыргызга кылган кыянаттыгы кылым кечиргис эле. Ага баарыбыз күбө болуп жакабызды кармаганбыз. Ошондой оор кылмышкерди чыгарып жиберүүгө мамлекеттин башындагы адам аралашканы өтө оор кылмыш. Ошол иш боюнча камалганы туура эле болду. Бирок бул иш айтылбай Кой-Таштагы баш аламандык деген маселе менен Атамбаев камалгандан бери иши каралып келген. Камаларда ал айтылбай Батукаев боюнча камап коюшкандарын түшүнбөй калдык. Батукаевди башында эле козгоп, иш ошол өңүттө өөрчүшү керек эле. Чындыгында башында Атамбаев турган бул кылмыш боюнча ондогон эркиндикте жүргөн адамдар камалышы керек. Сөз ошондуктан чыгып жатат.
--Неге Шамиль Атахановдун уулу чартердик рейсти алып келип, Батукаевди алып кеткенине карабай, аны тергөө менен кызматташты деген шылтоо менен кылмыш жоопкерчилигинен кутултуп коюшту?
--Бул маселе саткындарга жол ачык деген сөз. Саткын сатат. Анын андан башка иш колунан келбейт. Ошондуктан дүйнөнү титиреткен атактуу лидерлер саткындын көзүн биринчи тазалаган. Булар камалбаса чоң суммадагы айып тартыш керек.
--Бул сот Атамбаевди камап, өч алыш үчүн эле болдубу?
--Кандай болгон күндө да мамлекет башчысы камалды. Бул кыргыз тарыхында биричи жолу болуп жаткан улуу саамалык. Эми канат бутагын жана Батукаевди чыгаргандарды бүтүн камаш керек. Андай болбосо жөн гана өч алуу болуп калат.
--Кайдагы бир кримтөбөл үчүн мурунку президентти камап, Кыргызстандын мыкты мырзалары бири бирине душманга айланганы туурабы?
--Иш чала болсо ушинтип чубалып улам келген адамдын бетине чачырап жүрүп отурат. Бул ишти ошол чыккан убакта эле комиссия чала бүтүргөн. Канча убакыт бою кыргыз бийлигин чырмооктой тушап келди. Мынча сөз калбаш керек эле. Ал эми бул ишсиз деле кыргыз мырзалары май көл, сүт көл болуп аткан жери жок.
Булак: NazarNews.kg