www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
25-26-июнь күндөрү Жалал-Абад ОИИБдин Экстремизмге, мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы (ЭММКАК) тарабынан облус аймагында “Нелегал” операциясы өткөрүлүп, ыкчам-иликтөө жана профилактикалык иштер аткарылды. Бул тууралуу биздин редакцияга Жалал-Абад ОИИБи билдирди.
Маалыматка ылайык, Базар-Коргон РИИБдин КЖБРне КРнын Жазык кодексинин 315-беренеси (Экстремисттик материалдарды даярдоо, таратуу) менен катталган сотко чейинки өндүрүш иши боюнча Базар-Коргон районунун тургунунун үйүнө сот тарабынан берилген уруксаттын негизинде жашаган турак-жайына тинтүү жүргүзүлгөн. Тинтүү учурунда алынган далил буюмдарга диний-теологиялык экспертиза дайындалып, жыйынтыгында алынган буюмдар КРнын аймагында тыюу салынган “Хизбут-Тахрир” экстремисттик агымына таандык экендиги аныкталган.
Мындан сырткары Жалал-Абад шаарынын аймагында элдерди куран менен жашоого, мектепке балдарын жөнөтпөй, исламдан башка билим албоого, ооруканага барбай, ар кандай ооруларга каршы жүргүзүлүп жаткан эмдөөлөрдү албоого, КРнын Конституциясына жана башка мыйзамдарына баш ийбөөгө үгүттөп, жарандардын арасында Ислам дини боюнча терс түшүнүктөрдү таратып жүргөндүгү боюнча бир факты аныкталган. Бул факты Жалал-Абад ШИИБдин КБЖРне КРнын Жазык кодексинин 314-беренеси (Экстремисттик уюмду түзүү) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши ачылып, алынган далил буюмдарга диний-теологиялык экспертиза дайындалган. Экспертизанын жыйынтыгы боюнча алынган буюмдар КРнын аймагында тыюу салынган “Йакын-Инкар” агымына таандык экендиги аныкталып, сотко чейинки өндүрүш иши соттун кароосуна жөнөтүлгөн.
Жалал-Абад ОИИБде ар кандай диний экстремисттик агымдын мүчөсү катары 500дөн ашуун жаран каттоодо турган болсо, алардын 50дөн ашууну “Йакын-Инкар” агымынын мүчөлөрү. Жыл башынан бери ЭММКАК тарабынан жүргүзүлгөн профилактикалык иштердин натыйжасында 30га чукул жаран ар кандай экстремисттик агымдардын мүчөлүгүнөн чыгарылган.
Булак: NazarNews.kg