www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусияда оппозиция өкүлдөрү Владимир Путиндин кайра шайланышына жол ачкан конституциялык өзгөртүүлөргө каршы митинг өткөрүшөт. Бул тууралуу «МБХ медиа» басылмасы жазып чыккан.

Маалыматка караганда, «Ачык Орусия» уюму, «Өзгөрүүлөр партиясы» жана «Жарандык коом» кыймылы марттын 21и же 22синде Москванын Сахаров проспектисинде митинг өткөрүү боюнча Москва мэриясына кайрылышты. Алар митингге 50 миң киши катышары тууралуу айтышкан.

10-мартта Мамлекеттик Дума Конституцияга киргизилген жаңы өзгөртүүлөрдү жактырган. Ага ылайык, Владимир Путин 2024-жылы өтө турган шайлоодо талапкерлигин коюуга укук алат.

Владимир Путин «Бирдиктүү Орусия» партиясынын депутаты Валентина Терешкованын бул сунушун мыйзам долбоору экинчи окуудан өтүп жаткан маалда жактырган. Бул өзгөртүүгө ылайык, Путин шайлоого катыша алат жана жеңишке жетсе, 2036-жылга чейин президент болот.

Бул тууралуу учурдагы президент: «Мындай вариант болушу мүмкүн. Бирок Конституциялык сот мындай өзгөртүү Баш мыйзамдын принциптерине жана негизги жоболоруна каршы келбейт деп расмий тапса гана ишке ашырылышы керек», — деген Путин.

Эске сала кетсек, 67 жаштагы Путин бийликке келгенине 20 жылдын жүзү болду. Айрым сурамжылоолорго караганда Путиндин кайра бийликке келишине 50 % россиялыктар каршы экендиги такталган.

 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости