www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

- Италияга туз буюруп, ал жерде жашаганыңызга бир топ жылдын жүзү болуп калыптыр. Кандайча ал жакты байырладыңыз?

- Эгер 10-15 жыл мурунку кезди айтсак, шенген виза алуу өтө эле кыйын болчу. Ал кезде туристтик фирмалар азыркыга салыштырмалуу аз санда эле. Италия мамлекетине виза алыш оңой болбогондуктан, ага коңшу болгон мамлекеттерге виза ачтырып, ошол аркылуу келип, байырлап калдык.

- Италиялыктарды кандай мүнөздөйсүз?

 - Жалпысынан италия эли тамашакөй, жайдары, достошууга умтулган кичипейил адамдар. Искусствону баалаган калк. Башка улуттардын каада-салттарына, ашканасына кызыгууларын да жашырышпайт. Ал эми жашоо шарттарын алсак, италиялыктар көбүнчө туура эс алууга өтө жогору маани беришет. Ошону менен бирге даамдуу, жасалгаланган тамактарды баалашат. Кыргыздар көбүнчө тейлөө кызматтарында иштешет. Улгайган, оорукчан жана мектепке жашы жете элек балдарды карашат. Кээ бирлери соода тармактарында да эмгектенишет. Тапкандары жаман эмес. О.э. жеке менчик иштерин, бизнестерин өркүндөткөн кыргыз эр азаматтары да бар. Дагы өздөрүнүн билимдерин ЖОЖдо жогорулатып жаткан жаштарыбыз көп.

- Коронавирус Кытай өлкөсүнөн кийин эле Италияда курч абалда. Акыркы акыбал тууралуу токтолсоңуз...

- Италия толугу менен кызыл зонага киргени тууралуу чечим өкмөт тараптан кабыл алынды. Буга чейин өкмөт кызыл зонага Ломбардия облусун толугу менен жана андан башка 14 провинцияны киргизген. Бирок тилекке каршы, эпидемия өлкөнүн башка аймактарына да тездик менен жайылып жаткандыктан, жарандардын ден соолугун коргоо максатында өкмөт аргасыздан ушул чечимди кабыл алып жатканын билдирүүдө. Чечимдин негизинде окуу жайлардын жабылуусу 3-апрелге чейин узартылды. Кинотеатр, театр, дискотека, оюн-зоок борборлору баары толугу менен жабылды. Той-аш сыяктуу элди көп чогулта турган иш-чаралардын баары токтогон. Коомдук жайларда адамдар бир метрлик дистанцияны кармоого тийиш. Карылар үйлөрүнө, түрмөлөргө жакындары келүүсүнө тыюу салынган. Эрежени аткарбагандар үч айга түрмөгө кесилет жана 200 евродон ашык айып пул төлөйт.

- Кыргыздарга, деги эле азиялыктарга кандай көз караш менен карашууда?

- Бир метрлик дистанцияны сактап, адамдар бири-биринен чочулап турган учур. Улутка, расага деле карабай, жалпы адамдар бири-бирине чочулоо менен карап, эпидемиянын күн санап курчуганы коркунуч жаратууда. Дүкөн текчелеринде күнүмдүк керектелүүчү азыктар жокко эсе. Массалык түрдө деле маска тагынган эл жок. Тескерисинче, маска тагынып алгандардан чочулашууда. Окуу жайлар, бала бакчалар убактылуу жабылып калгандыктан, бала багуучу издеген үй-бүлөлөр абдан арбыды. Айрыкча кары-картаң, иммунитети аз адамдар каза болгону айтылууда. 

Булак: АЗИЯnews

Последние новости