www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирустун  дүйнөгө жайылышынын шарапаты менен Кыргызстанда дарынын баасы кескин кымбаттап, ортодо дары-дармек менен иштеген компаниялар байып жатышат. Буга катуу чара көрүп, көзөмөлдөө керек. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин бүгүнкү жыйынында депутат Иса Өмүркулов билдирди.

Анын айтымында, коронавируска байланыштуу дары-дармектердин баасы өсүп, пенсионерлердин алган акчасынан жогору болуп жатат.

“Бүгүнкү күндө Кыргызстанда сатылып жаткан дары-дармектердин баасы ай сайын эмес, жума сайын өсүп атат. Муну ким көзөмөлдөйт. Коронавирус чыгып, ар кандай коркунучтар турат деген мезгилде, биздин дары-дармек менен иштеген компаниялар байып жатышат. Буга өкмөт тарабынан көзөмөл барбы? Ар бир дарыканада даарынын баасы ар кандай, мөөнөтүн айтпай эле коёюн. Биздин пенсионерлердин алган акчасынан абдан эле жогору болуп жатат. Бул иш менен алек боло турган антимонополия агенттиги эмне иш кылып жатат. Угулбайт да билинбейт. Элибиздин саламаттыгы үчүн ким жооп берет? Көзөмөл жасаган эч ким жок! Азыр азык-түлүк коопсуздук жаатындагы абал деле ушундай. Өкмөт бул маселелердин баарын колго алып, тийиштүү чараларды көрүшүү керек",-деди депутат.

 Булак: NazarNews.kg

Последние новости