www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-мартта Жогорку Кеңештин жыйында ар кандай маселелер каралып жатат.

Депутат Бактыбек Турусбеков коронавируска байланыштуу чараларды көрүү маселесин көтөрүп чыкты. Анын айтымында Дүйнө жүзү коронавируска карата ар кандай чараларды көрүп жатканын билдирди. Ал биздин өлкөдө дагы катуу чараларды көрүү керектигин айтып, мектеп окуучуларын, студенттерди каникулга жөнөтүү жана аларды жай айларында окуутуу сунушун киргизди. Ошондой эле, депутат массалык иш-чараларга, тойлорго кандайдыр бир чара көрүү керектигин белгиледи.

“Биздин эл аябай ынтымактуу. Өзүңөр билгендей эле 500-700 адамдан турган тойлор өтөт. Келишет учурашып, кучакташып, өбүшүшөт...Мен кандайдыр бир чара көрүү керек деген сунушун киргизет элем.. Мен элден, ишкерлерден кечирим сурайм. Бирок, биздин элдин жана анын салматтыгы тууралуу маселе болуп жатат”,-дейт депутат Бактыбек Турусбеков.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости