www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

сиянын президенти Владимир Путиндин аталаш тууганынын баласы Роман Путин "Эл коррупцияга каршы" партиясынын төрагасы болуп шайланды. Бул тууралуу аталган партиянын башкы саясий кеңешинин жетекчиси Григорий Анисимов билдиргенин орусиялык басылмалар жазып чыгышты. 

Добуш берүү жашыруун өттү жана Роман Путин беш жылдык мөөнөткө шайланды. Ал бул партиянын төрагасынын кызматына киришип жатып, башкы максат сентябрь айындагы аймактык шайлоого, андан кийин Мамлекеттик Думага шайлоого катышуу экенин белгиледи.

Путиндин тууганы «Эл коррупцияга каршы» партиясына өткөн айда мүчө болгон. Партия «Роман Игоревичтин коомдук жана саясий ишмердүүлүктө, мамлекеттик кызматта тажрыйбасы өтө чоң. Ийгиликтүү ишкер. Партиянын коррупцияга каршы күрөшүнө, ар кандай социалдык долбоорлорду ишке ашырууга жаңы дем кошулду» деп билдирүү тараткан.

Бул партия 2013-жылы түзүлгөн жана башкы максаты «коррупциянын себебибин аныктап, кесепети менен күрөшүү болот» деп айтылган.

Буга чейин Роман Путин «Иштин адамдары» аттуу кыймылдын негизинде партия түзгөнү жатканы тууралуу маалыматтар чыккан.

Роман Путин - Владимир Путиндин аталаш бир тууганы Игорь Путиндин баласы. Ал «Путин Консалтинг» аттуу ишкананын башчысы. Бул компания 2015-жылга чейин «Putin Consulting Ltd» деп аталчу жана Британияда негизделгени маалым. Роман Путин убагында Федералдык коопсуздук кызматында иштеген, андан кийин Рязань шаарынын мэринин экономикалык маселелер боюнча кеңешчиси болгон.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости