www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Түркиядан Кыргызстанга дагы төрт чартердик каттам уюштурулат. Бул тууралуу Кыргызстандын Анкарадагы элчилиги билдирди.

Маалыматка ылайык, 8, 15, 22 жана 29-июлда Стамбул-Бишкек каттамы боюнча атайын чартердик рейстер пландаштырылган.

Чартердик каттам Анкарадагы элчилик жана Стамбулдагы башкы консулдук түзгөн тизмеге жараша аткарылат. Ошондой эле «Түрк аба жолдору» авиакомпаниясынын 2020-жылдын 8-июлуна чейинки регулярдуу рейстерине жарандардын мурун сатып алган билеттери 8-июлдагы чартердик авиарейске жарактуу болору кабарланды.

Буга чейин коронавирус пандемиясынан улам аба каттамдары жабылгандыктан Түркиядагы эки миңге жакын кыргызстандык атайын уюштурулган чартердик каттам менен Кыргызстанга кайткан.

Түркияда 30 миңден ашуун кыргызстандык расмий катталган. Алар Стамбул, Анкара, Анталия жана Измир сыяктуу ири шаарларда жашап, иштешет.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости