www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

2020-жылдын 4-октябрында өтө турган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниети жөнүндө дагы 10 партиядан кабарлама келип түштү. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан (БШК) билдиришти.

Ага ылайык, "Бийлик элге", "Чоң казат", "Кыргызстан коммунисттер партиясы", "Единство народа", "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын" саясий партиясы, "Актив", "Кыргызстандын жумушчулар партиясы", "Республика", "Кыргызстандын агрардык партиясы", "Бир бол", "Демократ" саясий партиялары шайлоого катышуу тууралуу кабарлама жөнөтүшкөн.

Буга чейин Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого катышуу ниетин 7 партия билдиргени кабарланган.

Мындан тышкары шайлоого катышуу тууралуу кабарлама берген партиялар төмөнкүлөр:

- "Ата-Мекен" саясий партиясы. Партия лидери Өмүрбек Текебаевден кабарлама келген;

- "Мекен ынтымагы" партиясы. Партия лидери Темирбек Асанбековдон кабарлама келген;

- "Бирик" партия жетекчиси Кылыч Исамамбетовдун колу коюлган кабарлама келген;

- "Бийлик элге" саясий кеңештин төрагасы Калдан Эрназарованын колу коюлган кабарлама келген;

- "Ордо" партия жетекчиси Мирбек Мияровдон кабарлама келген.

Маалым болгондой, Конституциялык мыйзамдын 60-беренесинин 1, 2-бѳлүктѳрүнѳ ылайык, Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлердин тизмесин кѳрсѳтүү шайлоо дайындалган күндѳн тартып башталат жана шайлоо күнүнѳ чейин 45 календардык күн калганда, тагыраагы 2020-жылдын 20-августунда аяктайт.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости