www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Чүй облусунун Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери аларга баш ийбей качууга аракет кылып, бир нече унаа менен сүзүшүп кеткен айдоочуну кармашты. Бул тууралуу NazarNews маалымат агенттигине аталган башкармалыктан кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 3-июлда Александровка айылына жакын жерде Жол коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн инспекторлору кызмат өтөп жатканда аларга жергиликтүү М.М. аттуу тургун кайрылган. Ал билдиргендей, анын баласы кошунасынын "Форд Транзит" үлгүсүндөгү унаасын уруксатсыз айдап кетип калган.
"Атасынын айтымында уулунун айдоочулук күбөлүгү жок жана ал психикалык жактан жабыркайт. Инспекторлор "Форд Транзиттин" артынан сая түшүп баштаганда, жигит алардын талаптарын аткарбай, башка унаа менен кагылышканына карабай, токтогон эмес. Инспекторлор кесиптештерден рация аркылуу аны токтотууну суранышкан. Бирок айдоочу аларды да сүзүп кете жаздаган. Натыйжада, качууга аракет жасаган киши Бишкекте кармалган. Шаарда дагы бир нече унаа менен кырсыкка учураган. Кармалган адам Милициянын кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.
Учурда аталган факты боюнча сотко чейинки өндүрүш ачылып, бардык экспертизалар дайындалды», - деп айтылат маалыматта.
Күбөлөрдүн айтымында, эреже бузуучу 10 унааны, ал эми башка маалыматтар боюнча 5 унааны сүзгөн.
Булак: NazarNews.kg