www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Балыкчы шаарынын активисттери шаардын медицина кызматкерлерине ысык тамак берүү үчүн демөөрчүлөрдү издеп жатат. Бул тууралуу NazarNews  маалымат агенттигине активист Асия Чомоева билдирди.

Анын айтымында, кайдыгер карабаган жарандар аздан болсо да колдон келген жардамдарын берип жатат. Бирок, бул менен чектелип калбастан ушундай оор кырдалда медкызматкерлерине күнүнө ысык тамак керек.

“Бизге демөөрчүлөр керек. Жардам берсе бир тыйынын жебей, сүрөт десе сүрөткө, видео десе видеого тартып жибермекпиз”,-дейт активист.

Ошондой эле, кайдыгер карабаган, атын атагысы келбеген жаран кой союп, мед кызматкерлерге ысык тамак бергиле деп 10 миң сом берген.

“Атын атагысы келбей койду. Апасы каза болуп калган экен. Кылган сооп иштеринин баары апасына тийсин деп атат”, - деди Асия Чомоева.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости