www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Орусиялык атактуу гимнаст Алина Кабаева олимпиада программасын өзгөртүүнү каалап жатат. Бул тууралуу “Lenta.ru” сайтты шилтеме жасап Заман.кж сайты жазып чыкты.

Кабаева спорт дагы көрүнүктүү, жарык жана жаркын болушу керек деп эсептейт. Олимпиада чемпиону жана дүйнөдө көркөм гимнастика боюнча биринчи элчиси Алина Кабаева олимпиадалык оюндардын программасына олуттуу өзгөртүүлөрдү киргизүү сунушу менен чыкты. Ал спорттогу баа берүү системасын дагы карап чыгууну айтууда.

Кабаева “Өкүнүчтүүсү бизде учурда көркөм гимнастиканын көрүнүшү мурдагыдай жандуу жана кызыктуу болбой баратат. Бул спортчулардын алмашкандыгынан эмес, болгону азыр эрежелер башка. Бизде укмуштуудай гимнасттар бар. Алар 9 элементти гана эмес, 15-16 элемент да жасай алышат”,- деди.

Эсиңиздерге сала кетсек орусиялык атактуу гимнаст, "Сидней-2000" Олимпиадасында коло жана "Афины-2004" Олимпиадасында алтын медалга ээ болгон, 2 жолку Дүйнө, Европа чемпиондугунун 5 жолку абсолюттук чемпиону, Орусиянын Эмгек сиңирген спорт чебери наамына татыган, жеп жазат Заман.кж.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости