www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ала-Букада башка динге өткөн деп айтылып жаткан кемпирдин сөөгү үчүнчү ирет жашыруун жерге берилди. Райондогу айрым тургундар маркумдун сөөгүн христиан мүрзөсүнө коюлушуна каршы болуп, сөөктү кабырдан чыгарып салышкан. Мындан кийин район бийлиги кеңешип сөөктү башка жерге жашырышты.

Ала-Бука районунун Сары-Талаа айылынын мүрзөсүнө жергиликтүү тургундар, имамдар башка динге өтүп кеткен деген айып менен Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн койдурбай, туугандары башка жерден жай табышты.Маркумдун кызы аны райондун имамы мусулман динине кайт деп мажбурлаганын, ачык мазактап-кодулаганын, атүгүл таш бараңга алуу тууралуу сөздөр болгонун айтып берди. Имам болсо сөөктү көмдүрүүгө айыл эли каршы чыкканын жүйө келтирди. Талаш-тартыштардан соң Каныгүл Сатыбалдиеванын сөөгүн жашырганга жер табылды. Бирок Өрүктү айылына таандык жерге сөөк жашырылгандан кийин ал жерде да жергиликтүү тургундар чогулуп келип каршы чыгып, натыйжада туугандары сөөктү кайра казып алган.

P.S.Баптист болобу же башка динге берилгенби ал мусулмандар менен бирге бир жайга жатпашы керек деген жазылбаган мыйзам бар. Улуту кыргыз болсода мусулмандардын мазарына коюлбашы керек,  Ошондой эле, орус мусулман динине берилген  болсо да баптисттердин мазарына сөөгү көмүлбөшү  керек. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости