www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Ош бажысынан күнүнө 13 000 000 сом уурдалганын Сапар Исаков айткан болчу. Ал убакта Раим Матраимов Ош бажысын жетектечү. Ошондой түз тийешеси болсо дагы кылмыш козголбойт экен. Мага өтө ишенимдүү булактар айтты. Атамбаев Сапар Исаковду чакырып алып өлө сөгүптүр. Жакында Сапар Исаков кызматтан кетип, ордуна Абдил Сегизбаев келиши мүмкүн. Ушундай сөз болуптур. Сапар Исаков Атамбаевге кирип чыккандан кийин өтө маанайы жок жүргөнүн жанындагылар айтты", деп жазат өзүнүн Фейсбук баракчасына белгилүү блоггер Аскат Тейит. 

Мындай айдың кеп учурда Ак үй тарапта айтылып жатканына бир аптадан ашык болду. Чындыгында Сапар Исаков Өкмөт башчылык милдетти айрым аткаминерлерге караганда алгылыктуу эле аткарып жатат. Албетте өткөн окуяларга Сапар мырзанын кыпындай күнөөсү жок. Кандай болсо дагы эртеңки күндү Кудайдан башка эч ким билбейт.

Ал эми Абдил Сегизбаев тууралуу кеп козгой кетсек, саясатта тепсе термелбей, ашыкча дардаңдап чыкпай унчукпай жүрүп, барын бар, жогун жок кызматын кылып жатканы айдан-ачык.  

Эми эмне дейбиз, эгерде Абдил мырза Өкмөт башчы болуп калса, анда ЧЫНДЫК үчүн күрөшсө "томуктай" Кыргызстанды 2 жылда аякка тургузуп койсо болчудай. Баса, Абдил мырза Өкмөт башчы болуп калса тынымсыз ММКларга маек берип турушу керек го. Көрүнүшү өтө эле "серезный" көрүнөт да... 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости