www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Гезитибиздин өткөн санындагы чыгарылышында Жайыл райондук милиция бөлүмүнүн начальниги тууралуу маалымат берип, министрлик аталган милиция бөлүмүндөгү “бардакка” көңүл бөлүп, абалды тез арада жөнгө салса дегенбиз. Тилекке каршы, бул жаатта тоңмоюндугун салып, гезиттер жаза берет дегендей кол шилтешкен эле. Аягы 20 жаштагы Бурлай Турдалы кызынын өлүмү менен аяктады.
Милицияга ишенип барган кыз, милициянын кабинетинен канжалап каза болуп калды. Бул тири укмуш окуяга жол бергендиги үчүн Кашкар Жунушалиев Жайыл райондук милициясынын өздүк курамын толугу менен иштен айдап, ротациялап, чечкиндүү кадамдарды жасап жибериши керек болчу.
Бирок андай кылууга Кашкар мырзанын “духу” жана эрки жеткен жок! Милицияга болгон элдин ишеничи күнсайын төмөндөп баратат.
Булак: “Ачык Саясат”