www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

"Бүгүн, 5-майда Жогорку сот камактагы саясатчы Садыр Жапаровдун доо арызы каралат. Менин оюмча КР президенти  Садыр Жапаровго көңүл буруп, соттон толугу менен актап чыгарат. Ошондо Садыр Жапаров камактан чыкса, бийликтен чындыктын жүзүн көрөбүз"", - деген пикирин билдирди Тынарбек Бакиров.

"Садыр Жапаровго соттук процесс 29-майда баштаган. Ал күнү судьялардын курамы толук келбегенине байланыштуу ишти кароо бүгүнкүгө жылган. Бүгүн биз толугу менен ишенип турабыз, Садыр Жапаров камактан чыгат. Анткени мурдагы чыккынчы бийликке караганда, азыркы бийликтен үмүтүбүз толугу менен бар. Мен сүйүнүп турамын, Садыр Жапаров буюрса камактан бошотулат. Анткени ал, күнөөсүз ак жерден камакта жатат", - деди "Мекенчил" партиясынын мүчөсү Тынарбек Бакиров.

Садыр Жапаровдун тарапташы, Рахат Боркоева, камакта жаткан Садыр Жапаров тууралуу ырын окуп берди. 

Бүгүн бизге жарык келип, күн чыгат,
Баягыдай жашоо алга умтулат.
Жаман сөздөр сүйүнчүмдү бузбайт деп,
Жүрөгүмө азыр турам кымтылап.

Асман күлүп, жаратылыш түрдөнөт,
Ай муңайбай, аалам, жерге нур төгөт.
Саймаланса ушул күнү Мекеним,
Садыр элдин сүймөнчүгү бул демек.

Буюруп бизге жакшылыгы бул күндүн,
Бакыт келет, шамы күйүп үмүттүн.
Журтум анда бейпилдикке бөлөнөт,
Жарык, нурдун кучагында күнү-түн.

Эсте калаар түбөлүккө ушул күн,
Элим эми бакыт менен күнү-түн.

Белгилей кетсек, Садыр Жапаров 2013-жылы 7-октябрда Караколдогу "митингди уюштурган, ошол кездеги губернатор Эмилбек Каптагаевди барымтага алган" деген айыптын негизинде кармалган. Ал 2017-жылы кыргыз-казак чек арасынан камакка алынган. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости