www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Парламенттик жыйындарда катышып жүрүп канча байкадык, «Ата Мекен» фракциясынын депутаттары өздөрүнө керек маселелер каралганда гана пайда боло калышат. Алар «эл», «чындык» деп алтын шилекейлерин чачыратышса Гобин Гуд биякта эле калат. Ал эми социалдык маселелер каралып жатканда аларды «ит менен издесең да» таппай каласың, көп учурда.
Мисалы мурдагы күнү ЖКнын жалпы отурумунда өздөрүнө тиешелүү маселе каралганда биринин-артынан бири микрофонго чыгып кандай гана бакылдашты. Аны биз журналисттер эле эмес түз эфирден бүт Кыргызстан көрдү. Ал эми кечээ парламентте коопсуздук, миграция, аба каттамдары туурасындагы маселелер каралып жатканда алардан депутаттар Гаипкулов менен Мамашева эле бирдемелерди сүйлөгөнү болбосо, айкырып чыккан Алманбет, лирика менен сүйлөгөн Каныбек менен Садыктын да караандарын көрө албадык. Мурун Текебаев да ушинтип өзүнө «керектүү» кезде бар болуп, сөөмөйүн кезеп катуу бакылдап, жөн учурда а кишинин караанын да көрбөй калчу элек.
Убагында боркулдаган Болот Шер дегени да бар болчу. «Ден-соолугум начар» деп жүргөн Болот Шер да «бирдеме» чыкчу учурда асмандан түшкөндөй пайда болуп, «соода» соңуна чыккандан кийин көздөн кайым болуп, айлап эмес, алты айлап анын караанын көрүүгө зар болчубуз. Кезинде, мародерлук маселеси көтөрүлгөндө «Ата Мекенчилер» аз эле жерден ошо Ак Үйдө түнөп калганга чейин барып жүрүштү го?
Булак: «Айгай-пресс»