www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Бишкек» эркин экономмкалык аймагы уюшулган 20 жылдан ашуун убакыттан бери андагы ишканалар төрт эсе азайганы айтылууда.

Алгач ал жерде миңден ашуун компания катталса, азыр алардын саны З00гө түшүп кеткен. Анын жарымы гана чындап иштеп жатса, алар да чет өлкөгө чыгып кетүүнү көздөп турушаары айтылууда. Буга аталган аймактагы ишканаларга берилген жеңилдиктердин жоюлушу себеп болгон.

Эксперттер бул ыргак менен кетсе, эркин экономикалык аймак өзү да жоюлуп кетиши мүмкүн экенин эскертишүүдө.

Ал жайда ишкерлик кылган туркиялык ишкер Парвиз Хазардын айтымына караганда чет элдик инвестор бул ортодо бизнестин жүрүшүндө чыккан маселесин эптеп чечип келгени менен, соңку жарым жылдан бери ар кандай маселелердин келил чыкканы айтат.

«Бишкек», эркин экономикалык аймактын субъекти катары биздин компаниянын ишмердүүлүк мөөнөтү бүткөнчө салыктан бошотулган. Башкача айтканда мыйзамда «фирма жабылып калгыча жеңилдик алат» деп убада берилген. Кийин, 2008 - жылы биздин жеңилдиктерди жоюп салышты.

Нааразылыктан улам 2009 - жылы жеңилдиктердин мөөнөтүн даты он жылга узартып беришти. Натыйжада, 2018 - жылдын аягында бул мөөнөт бүттү жана биз эч кандай жеңилдиксиз калдык. 2019 - жылдын январь айынан баштал жергиликтүү рынокко товар сатсак 12% кошумча нарк салыгы мойнубузга илинип калды - дейт түрк ишкери.

Булак: Факты.kg

 

Последние новости