www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
15-сентябрда Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин төрагасы Дастанбек Жумабеков «Ак илбирсти сактайлы» аталышындагы алгачкы эл аралык кайрымдуулук марафонуна катышып, Жогорку Кеңештин депутаттары менен бирге 5 чакырым аралыкка чуркаган.
Иш-чаранын соңунда төрага, «2013-жылы Бишкекте ак илбирсти сактоо боюнча Бүткүл дүйнөлүк форум өткөн. «Ак илбирсти сактайлы» аталышындагы эң чоң байге фонду менен эл аралык кайрымдуулук марафону жана Борбор Азияда алгач ирет өтүп жаткан мындай иш-чара аркылуу кыргызстандыктар илбирсти коргоо аракетине өз салыбызды кошууну көздөдүк», -деген.
Тилекке каршы бүгүн, 24-октябрда ЖК депутаттары Кыргызстандагы элик, бугу, арка, марал жана башка сейрек кездешкен жаныбарларды атууга тыюу салыш керек деген мыйзамды тобу менен колдобой четке какты.
Андан сырткары, ЖКнын депутаты Иса Өмүркулов аңчылыкка тыюу салуу келген туристтердин санын кыскартат деп билдирди.
Бүгүнкү депутаттардын кадамына журналист Семетей Талас уулу, “Эл сүйлөсө да, ушул сүйлөбөй эле койсо!», деп жазса, журналист Гүлмира Уметалиева, "Депутаттарды" атууга болот десе ДОБУШ берет белеңиз? –деген суроону жазып чыкты.
Булак:NazarNews.kg