www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Парламентте Сайдулла Нышанов деген депутат бар. Эл өкүлү деп айткандан дагы уяласың. Нышанов 2010-жылы бензин саткан орундардын баарын күчкө салып “Ата-Мекен” менен бирге ээлеп алган. “Ата-Мекен” лидери Өмүрбек Текебаев камалар менен аны чанып, Текебаевдин душманы Атамбаевге жасакерленип, “Кыргыз эл Баатыры” болсун деген сунушту айтып чыккан. Ал өз капчыгын карап жаңгак тердирип алайын деп бул маселени көтөрүп чыкты.

"Жалал-Абад аймагындагы «Дашман» коругунда жергиликтүү тургундардын жаңгак терүүсүнө тыюу салышкан. Ал жерде жашаган жарандардын акыбалы кыйын, жаңгактан башка башка жарытылуу кирешеси деле жок. Ал маселени мурда эле көтөрдүм эле, азыркыга чейин чечилген жок. Кыш кирип калды, элдин экономикалык жана социалдык жагдайы жакшы эмес. Алар нааразы болуп турат. Өкмөт жок дегенде 10 күн жаңгак терүүгө уруксат берүү маселесин чечип бериши зарыл". Бул тууралуу депутат Сайдулла Нышанов Жогорку Кеңеш жыйынында билдирди.

Ошол депутат Бишкектин “Ататүрк” паркынын аймагында (жашыл зона) жер тилкеси бар экендигин моюндады, айтымында аны убагында бепбекер алган имиш. “Ар бир жаран өмүрүндө акысыз жер тилкелүү болгонго укуктуу, мен ошол укугуман пайдаланып, 2007-жылы жети сотых жер тилкесин алгам, ар кандай справкалар үчүн эле миң сомго чыгым болгом” – дептир. Андан дагы “мага участок алганга укуктуусуз, арыз жазыңыз дешти, мен арыз жаздым, көп өтпөй кызыл китеп тапшырышты” – деп мактаныптыр.

Биринчиден, “маа” демек түгүл бир эмес он жер тилкесин сатып алсын. Кеп тилкеде эмес, кеп ал тилке кайсыл жерде, кандай аймакта берилгенинде!

Экинчиден, буларга окшогон жепжутарларда башка өкмөт, башка мыйзам иштейби? Арыз жазып койсо эле кызыл китеп бере салгандай? Миңдеген жарандарыбыз “Ататүрк” эмес шаардын четинен жети сотых эмес жети метр жерге ээ боло албай тентип жүрүшөт. “Эл өкүлү” болгондон кийин ошолордун укугун коргоп чыкса кана. Ошол эле маалда “мени менен катар башка депутаттар дагы ошол аймактан участок алган” – деп күйгүзгөнүчү. Алгандарын Нышанов эле эмес бешиктеги бала дагы билет. Эми ушул депутатты "Ата Мекенчил" деп ким айтат? Текебаевди кошуп сатып жатса? Бирок "эшегине жараша тушагы"- дегендей мыктылардын ордуна акчанын күчү менен ушундай жепжутарлар да келген.

Эми эмне дейбиз, жашыл зонадагы жер участкаңызга жакшы бир хан сарай тургузуп алышыңызга жана жаңы түзүлүп жаткан “Биримдик” партиясына өтүшүңүзгө тилектешпиз.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg

 

Последние новости