www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин эркин депутаты Жанар Акаев буга чейин “Мадина” кафесинин ээси өлтүрүлгөнүн, кылмыш дүйнөсү баш көтөргөнүн, ИИМ иштей албай атканын, ишкерлер корголбой калганын жар салып, дегеле укук коргоо органдарында саясий эрктин жок экенин баса белгилеген. Айтып оозду жыйгыча түндө дагы бир ишкердин жансыз денеси “Манас” эл аралык аэропортунан табылып, жанындагы ири суммадагы каражаты тонолгону ачыкталды. Дал ушул маселени да Жанар Акаев парламенттен айтып, өкмөттүн сын пикирге чычалап атканын билдирди.
Учурда Кыргызстанда ишкерлерге болгон “аңчылык” башталганы, чоң каражаттууларды өлтүрүп атышканы кашкайган фактыга айланды. Ички иштер министри Кашкар Жунушалиев болсо тымпыйып отурат, билмексен болуп. Мындай шартта сырттан инвесторлор келмек турсун, ички бизнесмендер, өндүрүшчүлөр чет өлкөгө кача башташты.
Ал эми кылмыш дүйнөсүнө кылкандай сайылган Жанар Акаевдин оозун жабуу үчүн атып кетишпейби? -деген маалыматты Aryba.kg сайты жазып чыкты.
Себеби, миллиондогон суммаларды тартып алуу, өлтүрүүлөр болуп аткандан кийин курч кырдаал түзүлүп отурат. Укук сакчылары шалга айланган өлкөдө чындыкты айткандар мурда да жазаланып, ошол депутаттар, коомдук ишмерлер өлтүрүлүп келгенин унуттуңарбы? Эмесе, Жанар мырзанын коопсуздугуна кандайдыр бир деңгээлде коркунуч жаралышы мүмкүн. Алдын ала эскертип коелу, эртең “аңчылар” атып кетишсе алаканыбызды шак коюп, жоктоп калбайлы?-деп кошумчалаган аталган сайт.
Булак: NazarNews.kg