www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Бир жумадан бери «Дөө Чыңгыз» деген каймана ат менен белгилүү крим чөйрөнүн лөктөрүнүн бири катары саналган, 18 жылга соттолгон Чыңгыз Жумагуловдун эркиндикке чыгышы коомчулукта катуу реакция жаратты. Жогорку сот эркиндикке чыгарган эмеспиз деп актанышса, карапайым калк райондук сот Жогорку сотгун чечимин тоготпой, оор кылмышка шектелип кесилген адамды кантип мунапыска шылтоолоп эркиндикке чыгарып жиберди дешип баштары катууда. Ички иштер министринин айрым генералдары болсо соттор кылмыш дүйнөсүнүн лидерлерин эркиндикке чыгаруу үчүн 50 миң долларга чейин акча алышаарын каңкуулашты. Ал эми Жогорку Кеңештин депутаты Исхак Масалиев: “Дөөнүн эрте бошотулушу жамандыктын белгиси”, – деп сыпаттады…
Ал арада “Дөө Чыңгыздын” “оң колу” катары айтылып жүргөн Самарбек Жолдошев жатак абакка чыгарылды. Жатак абак деген түрмөдөн чыкты деген эле сөз да. Болгону айына эки миң сом төлөйт, жумасына бир эле жолу барат. Самарбек Жолдошев 2016-жылы Биринчи май райондук сотунун чечими менен 10 жылга эркинен ажыратылган. Ал “адам уурдоо”, “уурулук”, “опузалап акча талап кылуу” жана “автоунааларга мыйзамсыз ээлик кылуу” сыяктуу төрт оор берене боюнча күнөөлүү деп табылган.
Булак: "Фабула"