www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
- Мугалим деген эң биринчи окуучуларга ар тарабынан үлгү болуучу, окуучуларына туура мамиле жасоону, сабырдуулукту үйрөтүүчү, кесиптин ээси.
Албетте мугалим болобу, же башка кызматтын ээсиби кимдир бирөөгө кол көтөрүп, аны чаап жиберүүгө мыйзам тыюу салат жана ага эч ким укук берген эмес. Окуучу кызды чаап жибергени үчүн албетте жооп бериши керек.
Бул жерде эжекебиз окуучусуна туура эмес мамиле жасады. Ал талашсыз. Ошондой болгон убакта да ушул мугалим аял канча айлык алат, иш убактысынын канчасын бутунда тикеден тик туруп өткөзөт, турмуш абалы кандай, алган маянасы жашоо тиричилигине жетеби, акыркы жолу медиктердин кароосуна качан барды, акыркы жолу психологдун жардамына качан кайрылды, акыркы жолу бул мугалим менен мектептин дироктору качан баарлашып, анын жашоо абалынан кызыкдар болду. Акыркы жолу качан билим берүү тармагы анын кызматына көңүл буруп, мотивация жасады, акыркы жолу качан ата-энелер бул мугалимге "рахмат сизге" деген жылуу сөзүн айтты?
Мугалимдик кесип эң оор жана эң жоопкерчиликтүү кесиптердин бири болуп саналат. Ошол эле убакта алардын эмгек акысы тиешелуу деңгээлде болушу керек, алардын эмгеги тиешелүү деңгээлде бааланышы керек. Бул мамлекеттин милдети.
Калп эле билим берүү акысыз деп мугалимдерге болоор-болбос тыйын берип коюп, оор жүктү мойнуна илип коюунун өзү туура эмес. Балдарыбыздын келечеги, билими мугалимдердин колунда.
Мамлекет жана биз эжей-агайларыбыздын эмгегин кандай бааласак балдарыбыз ошондой билим алат.
Бирок, жогорудагы эжеке жасаган аракети үчүн жооп бериши керек.
Укук коргоочу, Азиза Абдирасулова
Булак: NazarNews.kg