www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Казакстандын Караганды шаарында Кыргыз-стандан өндүрүлгөн кийимден уулуу формальдегид заты табылганын бир катар казак маалымат булактары жазып чыгышты.
Ошол эле учурда «формальдегид нормадан ашык» экени айтылган кийим кече «Кыргызстанда жасалган» деген ат менен башка өлкөдө тигилиши мүмкүн, мунун артында саясат жатышы ыктьшалдыгы боюнча пикирлер айтылууда,
Соода жана өнөр жай палатасынын Текстиль комитетинин төрагасы Амир Закиров «муну эксперттер көрүш керек, албетте, иликтөө жүргүзүлүшү керек.
Азыр көптөр товарды Кытайдан өндүрүп, аны Орусиянын жана Казакстандын базарларында Кыргызстаңдын атынан сатып жатышат. Казакстан кытай-казак чек арасында «Хоргос» базарын ачышкан. Алар көптөн бери эле ошол базарды жарнамалап, бизге акысыз орун сунуштап келишет.
«Хоргос» базарында Кытайдан келген сапатсыз кийимдер сатылат. Алматыдагы ишкерлер жакын болсо да ал базарга барбастан, «Дордойго» келип товар алышат. Балким бул «Дордойго» тиешелүү кара пиар болушу мүмкүн» деп белгиледи.
Булак: «Азия Ньюс»