www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Колу туткак кыздар уурдап кеткен зер буюмдарын алып келип, социалдык тармакка тарап кеткен видеону өчүрүүнү суранышкан. Бирок кеч болуп калды.

Ууру кыздар Бишкектеги бутиктен кымтып кеткен 75 миң сомдук алтын сөйкө-шакектерди алып келди. Бул туурасында дүкөндүн ээси Мээрим Бакаева билдирди.

Окуя 2018-жылдын 24-февралында болуп, ал дүкөндүн видеокамерасына түшүп калган. Уурулардан жабыркаган сатуучу тартылып калган видеону Facebook социалдык тармагына жарыялап, милицияга арыз жазган.

Бакаеванын айтымында, колу туткак кыздар сегиз сааттан кийин дүкөндүн кызматкерлерине телефон чалган.

"Алар уурдалган сөйкө-шакектерди кайтарып, кайненемден кечирим сурашты. Мурдараак болгон маалыматты социалдык тармакка жайгаштырам деп жазгам, бирок антпей калдым. Себеби кыздардын биринин апасы элге жайылтып жибербешимди суранды. Социалдык тармак биздин милицияга караганда мыкты иштейт экен", — деди ал.

Бакаева андан видеону да өчүрүүнү суранышкандыгын, бирок ал элге тарап кеткенин айткандыгын билдирди.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости