www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
"Фейсбуктун" жетекчиси Марк Цукерберг Европарламентте шейшемби күнү чыгып, билдирүү жасады. Депутаттар менен жолугушуу Cambridge Analytica фирмасы аркылуу социалдык желенин миллиондогон колдонуучуларынын жеке маалыматтары чыгып кетишине арналды. Бул тууралуу маалыматты Азыттык билдирди.
Цукербергге "Фейсбуктун" социалдык тармактар базарындагы монополиясы, өздүк маалыматтарды америкалык жана европалык мыйзам базасы боюнча коргоо маселелери, ой-пикирин эркин айтуу укугу жана соцтармактын бир колдонуучусунун экинчи кишинин үстүнөн аша чаап кетиши сыяктуу темаларда суроолор берилди.
Марк Цукерберг буга чейин АКШнын Сенаты менен Эл өкүлдөр палатасында чыгып сөз сүйлөп, компаниясы жеке маалыматтарды уурдатып жибергенин моюнга алган. Европарламентте да ошондой мааниде кеп кылып, анын командасы жагдайды жөнгө салуунун үстүндө иштеп жатканын айтты.
Британиядагы "Cambridge Analytica" компаниясы ар кайсы өлкөлөрдө саясий өнөктүккө колдонуу максатында "Фейсбуктун" колдонуучуларынын жеке маалыматын топтогону ачыкка чыккан. Соңку маалыматка караганда, бул компания 67 миллион колдонуучунун маалыматын алган.
Мындан кийин "Фейсбук" компаниясы Орусиядагы "троллдор фабрикасына" байланышы бар экени маалымдалган 250дөн ашык баракчаны жапкан. Ал баракчалар көбүнчө орус тилинде маалыматтарды таратканы, алардын Кыргызстанда кеминде 35 миң окурманы бар экени белгилүү болду.
Булак: NazarNews.kg