www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жерүй кенин иштетүү укугун алган “Алтын Альянс” ишканасына салынган 500 миң доллар айыппулду Өнөр-жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитет кайра карап чыгат. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Отун-энергетикалык комплекс жана жер казынасын пайдалануу комитетинин Таласта өткөн көчмө жыйынында аталган комитеттин төрагасы Уланбек Рыскулов билдирди. Бул тууралуу маалыматты Азаттык маалымдады.

Маалым болгондой, буга чейин мамлекеттик экотехинспекция Жерүйдө алтын иргөөчү фабриканын курулушу белгиленген мөөнөттө баштала электигин аныктаган. Буга байланыштуу атайын комиссия курулуш ишин баштабай жаткан ишканага беш айга 500 миң доллар айыппул салган эле:

- Бирок андан кийин “Алтын Альянс” “Бул туура эмес, биз курулушту баштаганбыз. Алтын иргөөчү фабрика - бул комплекс, анын имараттары көп”деп кайрылды. Тигил ишкананы баштадык, унун баштадык депчи. Эми биз комиссия менен айыппул салуу маселесин кайра карап чыгабыз, - деди Рыскулов.

Жерүй ишканасы келерки жылдын 28-февралында толугу менен бүткөрүлүп, ишке кириши керек. Эгер бул талап аткарылбаса, инвестор кечиктирилген ар бир ай үчүн мамлекетке 100 миң доллар төлөөгө тийиш.

Жогорку Кеңештин тиешелүү комитетинин кечээ Таласта өткөн жыйынында Жерүй кенин ишке киргизүү белгиленген мөөнөттөн созулушу мүмкүндүгү айтылган. Кенди иштетүү укугун алган орусиялык “Восток геолдобыча” компаниясынын алдында түзүлгөн "Алтын альянс" ишканасынын башкы директору Михаил Шубин компания комбинат пландан кечикпей ишке кирерине ишендирген.

Жерүй Кыргызстандагы алтындын запасы боюнча Кумтөрдөн кийинки эле орунда турат. Геологиялык алдын-ала иликтөөлөр боюнча бул кенде 84 тонна алтын, 10 тоннадан ашуун күмүш бар.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости