www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Икрам Илмиянов маек берди

-Икрам мырза, сиз жетектеген Көк бөрү федерациясында кандай өзгөрүү, жаңылануулар болуп жатат, Көчмөндөр оюнуна даярдыктар жүрүп жатса керек?

-Өзүңүздөр билгендей эле, жылына календарлык планга жараша өлкөбүздө 3-4 жолу улуттук Көк бөрү оюну боюнча мелдештер өткөрүлүп келет. Жакында эле Улуу Жеңиш күнүнө карата республикалык турнир өткөрдүк. Буюрса, күзүндө өтө турчу дүйнөлүк III Көчмөндөр оюнуна кызуу даярдыктар жүрүп жатат, Анда дүйнөнүн булуң-бурчунан келген командалар менен беггешебиз. Өлкөбүздүн эң мыкты делген оюнчуларынан турган курама команданы алып чыгып, оюн талаасында дагы бир жолу мыкты экендигибизди далилдесек деген ниетибиз бар.

Баса белгилей кетчү дагы бир жагдайбылтыр жыл тогошор алдында Көк берү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмесине Кыргызстандын атынан киргизилгени жарыяланган. Тактап айтканда, былтыр, декабрда бул улуттук оюнубуз Түштүк Кореянын Чежу аралында материалдык эмес ма­даний мурастарды коргоо боюн­ча өкмөттөр аралык комитеттин 12-сессиясында каралып, аталган тизмеге жалгыз Кыргызстандын атына катталган. Бул туурасында ЮНЕСКОнун расмий сайтына да жарыяланып, көк бөрү оюну тууралуу видео интернет тармак- тарына жүктөлгөн. Көк бөрү ЮНЕСКОнун материалдык эмес маданий мурастарынын тизмеси­не киргизилиши биз үчүн албетте чоң сыймык.

Дагы бир жакшы жаңылык - быйыл биз үчүн мааракелүү жыл. Көк бөрү федерациясы уюшулганына 20 жыл талууда. Ошого карата да юбилейлик мелдеш өткөрсөкпү деп турабыз.

-Кийинки учурда дайыныңыз көп чыкпай калды, учурда эмне иш менен алектенип жатасыз?

-Өткөн күздөгү президенттик шайлоодон соң ден соолугума бир аз көңүл буруп, эс алдым. Негизинен ошол шайлоодон киин саясатттан тышкары болуп, көбүнесе коомдук, жеке иштер менген алектенип жатам. Анан калса көп убактым Көк бөрү федерациясына кетүүдө. Эми Рамазан айында мусулмандык парзды аткарып, үй-бүлөм менен ыйык Мекке шаарына – умра сапарында жүрөбүз. Учурдан пайдаланып, кыргыз элимди, жалпы эле өлкөбуздөгү мусулман журтун кирип келген ыйык Орозо айы менен куттуктап кетким келет. Орозо айы менен баарыбызды кайрымдуу болууга чакырат Жараткандан жакшылык сурайт. Ар бирибизи ниетибизди, пейилди тазартууга аракет кылабыз. Бекем ден соолукта болуп, ниет кылган тилектериңиздер орундалсын! Мамлекетибизге тынчтык, ар бир үй-бүлөдө жакшылыктар көп болсун.

-Сиз былтыр КСДПнын тизмеси менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына кезегиңиз келгенде баш тартып койгонуңуз белгилүү. Ошол учурдагы президент Алмазбек Атамбаев да сизге Ш даражадагы “Манас” орденин тапшырып жатып “кызматтан, мандаттан баш тарткан кыргызды биринчи көрүшүм” деп бул кадамыңызга таң калганын жашырган эмес эле. Чын эле депутаттыктан баш тартышыңыз көпчүлүк үчүн таң калыштуу болгон. Азыр ошол кадам үчүн өкүнбөйсүзбү?

-Туура, былтыр III даражадагы “Манас” ордени менен сыйланып жатканда Алмазбек Шаршенович ушинтип айтканы бар. Мен ошол сыйлоо аземинин алдында башка кызматтан баш тарткандай эле, депутатгык мандаттан да, саясаттан да баш тартууну чечкем. Башкача айтканда, мындан ары саясатта калууну тандаган жокмун. Элибизде “өткөн ишке өкүнбө” деген кеп бар эмеспи, ошол сыңары азыр ал чечимиме эч кандай өкүнүү жок. Акыркы 6-7 жыл аралыгында бир канча жогорку жооптуу кызматтарда иштедим. Колдон келишинче, мүмкүн болушунча элибизге ак кызматыбызды өтөдүк деп ойлойм. “Эл тараза, эл сынчы” демекчи, буга эми эл өз баасын берээр.

-Алдыда кандай максаттарыңыз бар?

Көк бөрү федерациясынын президенти катары ушул улуттук оюнубузду мындан ары да өнүктүрүүгө болгон күчүмдү жумшасам деген ойдомун. Менин жеке пикиримде – элге кызмат кылуу үчүн кандайдыр бир бийлик бутагында же чоң кызматта отуруунун кажети жок. Коомдук иштерди  да мыкты жыйынтыктарын көрсөтүп, ийгиликтерди жаратып өлкөгө ак кызмат өтөсө болот.

Булак: Майдан.кж

Последние новости