www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Май айынын башынан бери Жалал-Абад облусунун аймактарынан (Чаткал, Ала-Бука, Аксы, Таш-Көмүр, Ноокен, Сузак, Базар-Коргон) мыйзамсыз сакталган сегиз курал алынды. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгы кабарлады. Бул тууралуу Азаттык билдирди.

Сегиз ок атуучу куралдын бирөө сайлуу, жетөө сайсыз.

Мындан сырткары Сузак районунун Барпы айыл аймагындагы үйлөрдүн бирине тинтүү жүргүзгөн убакта жер төлөсүнөн 51 даана 5,45 мм калибрдеги, 13 даана 7,62 мм калибрдеги автомат октору алынды.

Учурда фактылар боюнча тергөө иштери жүргүзүлүүдө.

Ички иштер министрлиги куралды жана ок-дарыларды, жарылуучу заттарды жана жарылуучу буюмдарды мыйзамсыз түрдө алуу, сатуу, ташуу, колдонуу, сактоо жана алып жүрүү кылмыш жоопкерчилигине тартыла турган аракет экенин эскертет. Мыйзамдарга ылайык мындай жолго баргандарга эркинен ажыратууга чейин жаза чегерилет. Бирок курал-жаракты өз ыктыяры менен тапшырган жаран кылмыш жоопкерчилигинен бошотулат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости