www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

22-майда Жогорку Кеңештин экономикалык жана фискалдык саясат боюнча комитетинин кезектеги жыйынында “Кыргыз Республикасында туризмди өнүктүрүү маселелери жөнүндөгү” Жогорку Кеңештин токтомунун аткарылышы талкууга алынды. Бул тууралуу маалыматты Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Бул боюнча баяндама жасаган вице премьер-министр Алтынай Өмүрбекова өлкө туризмин өнүктүрүү багытында аткарылып жаткан иштерге токтолуп: “Туристтик мүмкүнчүлүктөрдү алдыга жылдырып, өнүктүрүү үчүн 2018-2023-жылдарга карата атайын программа кабыл алуу тууралуу токтом иштелип чыккан. Аталган программаны кабыл алууга республикалык бюджеттен 38 млн. сом каржы талап кылынат”, – деди.

Ошондой эле вице премьер-министр “Ачык асман” долбоорун ишке ашыруу үчүн Аба кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жаатында да тиешелүү жумуштар жасалып жатканын белгилеп, чет өлкөлүк жарандар үчүн электрондук визаны киргизүү иштери да жолго салынганын кошумчалады. Алтынай Өмүрбекованын айтымында 2017-жылдын 1-сентябрынан бери 13 миңден ашуун электрондук виза берилген, анын 10 миңден ашууну туристтик максатта болгон.  

Туризм өлкөнү өнүктүрүүнүн башкы булагы экенин айткан эл өкүлдөрү бул жааттагы көйгөйлөрдү чечүү зарылчылыгына токтолушту. Алсак, депутат Дастан Бекешев туристтик жайлардагы инфраструктураны жакшыртуу зарыл экендигин айтса, депутат Гүлшат Асылбаева коопсуздук жаатында өзгөчө көңүл буруу керектигин билдирди.

Ал эми депутат Эльвира Сурабалдиева чет өлкөлүк туристтерди гана тартуу аракетин көрбөстөн, ички туристтердин да санын да арттыруу учур талабы экенин кошумчалады.

Талкуу учурунда чек арадагы өнүктүрүү пунктарындагы көйгөйлөр да көтөрүлүп, Өкмөт бул багытта да тиешелүү иштерди аткарышы керектиги айтылды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости