www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ЭЛ БАШЧЫЛАРЫНА, ЖУРТ ЖАКШЫЛАРЫНА КАТ, же ҮМҮТТҮН ШООЛАСЫ ӨЧПӨЙТ

УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС! 

Урматтуу Сооронбай Шарипович, Мухаммедкалый Дүйшөкеевич жана Дастанбек Артистбекович! 

Де-юре (мыйзам боюнча) Президент жана расмий бийликтин өкүлдөрү сот ишине катышууга укугу жок болсо да, де-факто (иш жүзүндө) биздин соттор өз алдынчалуулукка ээ эмес. Алар жогортон келген буйрукту кынтыксыз аткарууга көнүп калышканын жалпы журт билет. 

Жашырганда эмне: буга чейинки соттук практика күбөлөгөндөй, жогор жактан, орусча айтканда, "до конца!" деген буйрук келсе, биздин соттор иштин оң-тетирисине карабай эле, сленгдин тили менен айтканда, "до конца" тээп, адамдын тагдырын көз көрүнөө талкалап салган учурлар далай жолу болуп келгенине баарыбыз күбөбүз. 

Бишкек шаардык сотунда "Манас" эпосун ЮНЕСКОго каттатып, Бээжинди алганга тете эмгек кылган Карганбек Самаков агайдын сотунунан адилеттүүлүккө кепилдикти күтөбүз. 

"Өзөктөн чыккан өрт жаман, өздөн чыккан жат жаман" дейт кыргыз эли. Буга чейин

1. Айкөл Манасты ашата сөктүргөндөр менен сөккөндөргө көз жуумп койгон бийлик, 2. Кытайга элди карыз кылган бийлик эми ойгонуп,

дүйнө эли, айрыкча, кытайлар көз арткан "Манас" үчилтигин кыргыз элинин атынан ЮНЕСКОго каттатып, элибиз үчүн ат көтөргүс эмгек кылган адамдын тагдырын "до конца!" деген буйрук аркылуу талкалап, тарыхка "кыргыз эли менен Манас баатырдын душманына айланган бийлик" катары кирбейт деп үмүт артам. 

Үмүттүн шооласы үзүлбөйт. Кыргыз деп, Манас деп күйгөн Карганбек Самаков агайдын артында калың эли турат. Баарыбызды Манас атабыз колдоп, Кыдыр атабыз жолдосун! Жакшылык болсун!

Гүлзат Аалиева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости