www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

ПОСТСОВЕТТИК КЫРГЫЗСТАНДАГЫ РЕФОРМАЛАНГАН БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫ СОВЕТТИК БИЛИМ БЕРҮҮНҮН САПАТЫНА ТЕҢ КЕЛЕБИ?

Тема Темиркан Төрөбаевна (фейсбук) тарабынан даярдалды

УЛУТУМ КЫРГЫЗ, УРААНЫМ МАНАС!

Талаада жапайы "ит жүзүм" деген өсүмдүк өсөт. Сыртынан карасаң, өңү мөлтүрөйт, бирок, жесең ууландырып, адамды кустурат. Өткөндө бирөө Кудайбердиева Гүлмираны "гном жүзүм" десе, "ушунчалык да салыштыруу болобу" деп, капа болгон элем. Ал салыштыруу туура эле болгон экен.

"Реформа жүргүзөм" деп, кыргыздын руханий байлыгын тебелеген, кыргыз душманы экенине көзүм жетти. "Мектепте кыргыз адабиятын, кыргыз тилин кыскартып, дүйнөлүк адабиятты киргизем" дегени уят. Дүйнөлүк адабияттын предмет катары киришине каршы эмесмин. Бирок, кыргыз адабиятын, кыргыз тилин кыскартпай эле киргизбейби?

"Эне тили" деген статусу жок болсо да, жалпы саны 20-30 миллион калкы бар элдер диаспора түзүп, эне тилине статус албай жүргөн армандуулар канча? Гүлмира айым мектептерди дүйнөлүк адабият предмети боюнча китеп менен камсыздай алабы? Же анын бул аракети ТВЕАдай акчаны сол чөнтөгүнө салуунун жолубу?

Кыргыз адабияты, кыргыз тили китебин камсыздай албай жатып, чет элдин адабиятын камсыздай алабы? Канчалаган кыргыз тилчи мугалимдердин сааты кыскарып, жумушсуз калат? Кыргыз
тилине бөлүнгөн акчалар борбордон жылбайт, аймактарга (региондорго) жетпейт.

Шаардагы рекламалар сабатсыз жазылат. Анан кантип кыргыз тилин кыскартат? Байкап көрсөм, кыргызга

1-душман болуп паспорттон кыргыз улутун алдырган Таирбек Сарпашов болсо,

2-душман болуп кыргыз тили жана адабияты сабагын кыскарткан Гүлмира Кудайбердиева экен деп ойлоп калдым.

Гүлмира, ит жүзүмдөй болуп мөлтүрөп, кыргызды иритпей, Икрам аванын (шоопур акенин) артынан Кыргызстандан чыгып кет, уят боло элегиңде!
Атың чыкпаса, жер өрттө!

Гүлзат Аалиева

Булак: NazarNews.kg

Последние новости