www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Азыркы кээ бир тамадалардын оюн-зооктору, тамашалары өзгөчө келген коноктордун көңүлүн көтөрбөй эле башын оорутуп жиберет. Чынында эле тамадалар азыр той ээсинен мурун тойду мен башкарам деп көп эле өздөрүнө укукту алышып алды. Той ээлери араң гана той бүткөнчө чыдап беришет. Анысы аз келгенсип тойдогу ансыз да жаңы келип сүрдөп турган келинди тамашалаган ар кандай оюндардын түрү пайда болууда.
Бул тууралуу өзүнүн пикирин Нурзада Айсабекова төмөнкүдөй билдирген:
- Тамадалар тойдо байкуш жаңы барган келинди "шылдыңдап" ар кандай салт ойлоп таап, барган конокторго "пошлый" оюндарды ойнотуп жатышат. Жүрөгү токтогуча бийлетишип. Мээңер менен силердин. Бул силердин эң акыркы деңгээлиңер! Кызды силер көчөдөн таап келдиңер беле. Цыгандарга окшоп ант бердирип.
Биз деген кыргызбыз! Ал дагы бирөөнүн колуна салып баккан кызы. Мындан ары күйөөсү биздей кылып багып сүйүп алсын деп берет. Эч кимге жакпайт кызды шылдыңдаткан. Тесттен өтпөсө калың бербейбиз дешип. Калыңды тамадалар чечип калды беле?! Кээде виделорун көрүп жиниң кайнайт,- дейт Нурзада.
Булак: NazarNews.kg