www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Экс-президенттин тушунда көпчүлүк кыргыздын мекенчил жигиттери камалып, жок жерден кылмыш иши козголгондон тышкары айрымдарынын мал-мүлкү тартылып алынган эмес беле. Ошолордун катарында экс-депутат, экс-мэр Н. Тулеевдин маркум атасына таандык ‘‘Караван” соода борбору, кийин дагы бир өзүнө катталган “Сапатком” байланыш компаниясы килейген имараты менен кошо Мамлекеттик мүлк фондунун карамагына алынган. Мындан тышкары 11 жылга камалган Н.Тулеевдин бир нече батирлери да мамлекеттин эсебине өткөрүлүп, өзү абактан ири суммадагы акчаны төлөп мөөнөтүнөн мурда чыккан. Алгач бул объектилер мамлекеттин эсебине өткөрүлгөндүгү айтылган. Ошондой эле “Айчүрөк” универмагынын маңдайына курулган “ГУМ-Чынар” соода комплексине да мамлекеттик-рейдерлик кол салуу болгондугу имиш имиш болуп, Нариман мырза шайлоо алдында ал кездеги бийликке жан» соогалап, “оппозицияга иштебеймин" деп, өзү Германияда узак убакыт дарыланууга кетип сактап калгандыгы белгилүү. Атасы Ташболот болсо алдырып жиберген дүйнө-мүлкүнө ичи ачышып кайтыш болуп кетти. Бирок жакында “Караван" соода үйү менчиктештирилип жаткандыгы белгилуу болду. Албетте, азыр аталган соода борбору мыйзамга ылайык сатыкка коюлары айтылууда. Болду болбоду Максимдин vip коттеждери сыяктуу анын аларманы да белгилүү окшойт.
Булак: "Майдан-пресс"